Москвада мончодо мигранттардын кармалышы боюнча Орусиянын прокуратурасы текшерүүнү баштады
10-апрелде Москва шаарындагы мончодо кыргызстандык мигранттардын кармалышы боюнча Орусиянын прокуратурасы жана Миграция кызматы текшерүүлөрдү баштады. Бул тууралуу Орусиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева менен Москвадагы эки тараптуу жолугушуусу учурунда айткан.
Акыйкатчы институтунун маалыматында, жолугушууда Жамиля Жаманбаева Москвадагы “Бодрость” мончо комплексинде болгон окуя боюнча тынчсыздануусун билдирип, Татьяна Москальковадан кыргызстандык жарандардын укуктарын коргоону камсыз кылууга көмөк көрсөтүүнү суранган.
«Видео кадрларда кыргыз жарандарынын массалык кармалышы учурунда күч колдонуунун негиздүүлугүнө суроолор жаралат. Кыргыз жарандарына карата ар кандай административдик же күч колдонуу чаралары процесстик укуктарды, эл аралык милдеттемелерди сактоо менен жүргүзүлүшү керек. Кыргызстан Евразия экономикалык союзунун толук укуктуу мүчөсү», – деген Жаманбаева жолугушууда.
Татьяна Москалькова бул окуя боюнча анын кайрылуусунан кийин Орусиянын прокуратура жана Миграция кызматы текшерүүлөрдү баштаганын маалымдаган.
«Бул окуяга мен реакция жасадым жана аны жеке көзөмөлдөйм. Учурда биздин өлкөдө коопсуздукту күчөтүү талап кылынууда. Бирок, коопсуздук чараларын күчөтүү менен бирге мыйзамдуу жүргөн адамдардын укуктары бузулбашы керек»,- деген Орусиянын акыйкатчысы.
Ошондой эле Москалькова жакында Шереметьево аэропортунда эмгек мигранттарына катаал мамиле болуп, документтери узак текшерилип жатканы тууралуу маалымат алышканын, бул маселени Чек ара жана Бажы кызматынын жетекчилиги менен биргеликте карап чыгып, тиешелүү чараларды көрүшкөнүн билдирген.