Евробиримдик Кыргызстанга санариптештирүү тармагы үчүн 3 млн евро бөлдү

Евробиримдик 8-январда Кыргызстандын санарип өнүктүрүү тармагын колдоо үчүн Министрлер кабинетине 3 миллион евро (295 миллион сом) бөлдү. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 11-январда билдирди.

Ага ылайык, которулган каражат Жогорку технологиялар паркындагы санариптик инновациялык борбордун ишине көмөк көрсөтүүгө, жарандарга электрондук кызмат көрсөтүү үчүн “Санарип-Аймак” системасын өлкө аймагына жайылтууга жумшалат. Ошондой эле, бул колдоо өлкөнүн киберкоопсуздугун бекемдөөгө, Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик аркылуу жеке маалыматтарды коргоону камсыз кылууга да тиешелүү.

Гранттык жардам менен министрликтердин жана өлкө аймагында санарип экономиканы өнүктүрүү үчүн маалымат базаларын түзүп, аны тейлөөгө да жумшалат.

 

13:40, 11-01-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар