Оорукана жетекчилерине жеке клиникада иштөөгө тыюу салынды

Мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине жана бөлүм башчыларга жеке клиникаларда бир убакта иштөөгө тыюу салынды.

Президент Садыр Жапаров кол койгон мыйзам "Эркин-Тоо" гезитине жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кире турганы кошумчаланган.

Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 19-декабрда кабыл алынган.

Жарандардын саламаттыгын сактоо жѳнүндѳ мыйзамга киргизилген өзгөртүүлѳр:

мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерин дайындоо кадрлар резервинен жүргүзүлөт. Резервди түзүү жана пайдалануу тартибин министрлер кабинети аныктайт;

бейтапкананын жетекчилик мөөнөтү 5 жылды түзөт, ал эми бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашык иштей албайт;

мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жетекчилери же бөлүм башчылары жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарында иштей алышпайт;

бул талаптардын бузулушу 10 күндүн ичинде кызматтан бошотууга негиз болот.

16:35, 24-01-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар