Ош мэриясы Райымбек Матраимовдун үйүнүн тосмосун бузууга киришти
Ош мэриясы Райымбек Матраимовдун үйүнүн тосмосун бузууга киришти
8-январда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун Оштогу Супаналиев көчөсүндөгү үйүнүн тосмосун бузуп жатат.
Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Максатбек Орозалиевдин айтымында, Матраимовдун үйүнүн тосмосунун 9 метри муниципалдык жерге тиешелүү. Калаа бийлиги короону курчаган дубалды алуу тууралуу былтыр декабрдын аягында эскертүү берген.
Мурдагы бажычынын үйүнөн эч ким комментарий берген жок.