Ташиев Садыр Жапаровдун айтканына комментарий берди

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун экөөнүн достугу боюнча айтканына комментарий жазып, социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Ал үч күндөн бери катуу ооруп, эми гана баш көтөргөнүн билдирди.

"Биринчиден, президентибиз туура айтты, эки дос мансап үчүн эч качан чырдашпайбыз. Экинчиден, биз үчүн кыргыз элибиздин тынч, бакубат, келечектүү жашоосу эң кымбат жана эч нерсеге алмаштыргыс бакыт! Үчүнчүдөн, президентибиз мурдагы Конституциянын негизинде 6 жылга шайланган, ал эми бүгүнкү Конституциянын негизинде дагы бир жолу 5 жылга экинчи мөөнөткө шайланууга укуктуу, ошондуктан Садыр Нургожоевичти колдоп, кубаттап элибизге чогуу кызмат кылабыз деп үмүт артамын", — деген Ташиев.

 

10:09, 18-12-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар