УКМК: Арстан Алай диний кастыкты козутууга багытталган чакырыктарга шектелип кармалды (сүрөт)

Арстан Алай диний кастыкты козутууга багытталган чакырыктарга шектелип кармалганын УКМК билдирди.

“Ал өзүн “Жаңы Кудай”, “Куткаруучу” деп эсептейт жана башка диндерди, ишенимдерди жана көз караштарды төмөн, алсыз жана жараксыз адашуу деп эсептейт жана аларга терс баа берет», - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Ар кандай адабияттар жана флеш-карталар алынган. Арстан Алай убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

17:43, 15-12-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар