Бекдөөлөт Расулбеков эл аралык мелдеште алтын жана күмүш медалга ээ болду
Кыргыз Республикасынын оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Бекдөөлөт Расулбеков Доха шаарында (Катар) өтүп жаткан Эл аралык мелдеште алтын жана күмүш медалга ээ болду.
Спортчу 109 кг чейинки салмакта катышып түртүп көтөрүү ыкмасында 219 кг салмакты багындырып алтын медалга ээ болду. Жулкуп көтөрүүдө 162 кг салмакты көтөрүп жыйынтыгында 2-орунду камсыздай алды.
Ал эми 67 кг чейинки салмакта катышкан Ишимбек Муратбек уулу түртүп көтөрүү ыкмасында 164 кг багындырып 3-орунду ээлеген.
Белгилей кетсек, 4-декабрь күнү Доха шаарында (Катар) башталган Эл аралык мелдеш 14-декабрь күнү жыйынтыкталат.