Садыр Жапаров Ташкентте БА өлкө башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышууда
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-ноябрда Ташкент шаарындагы конгресс-холлдо Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусунун ишине катышууда.
Иш-чаранын алдында мамлекет башчысын Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тосуп алды.
Саламдашуу аземи жана делегация башчыларынын биргелешкен сүрөткө түшүүсү аяктагандан кийин алар жыйынга катышуу үчүн залга өтүштү.