Кадамжайда үйүндө баңги өсүмдүгүн өстүргөн жаран кармалды
Кадамжайда жашыруун баңги өсүмдүгүн өстүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун 65 жаштагы тургуну үйүнүн короосунда баңги өсүмдүгүн мыйзамсыз өстүрүп жүргөн. Бул багытта ыкчам иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, кароо жүргүзүү учурунда анын короосунан жана жүзүм дарагынын арасынан өзгөчө жыты бар, бою 2 метрге жеткен 4 түп баңги өсүмдүгү табылды.
Тиешелүү иш-аракеттердин жүрүшүндө бул өсүмдүк 13 кг 094 грамм салмактагы конопля өсүмдүгү экени аныкталган.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ага карата тиешелүү кылмыш иши козголду.