"Дордой" базарындагы митинг учурундагы ызы-чуу боюнча кылмыш иши козголду
"Дордой" базарындагы митинг учурундагы ызы-чуу боюнча кылмыш иши козголду
Социалдык тармактарда "Дордой" базарынын аймагында белгисиз адамдар коомдук тартипти одоно бузуп, бир адамдын денесине залал келтирген видео тараган, деп билдирет Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы.
Бул фактынын негизинде 280-берененин 2-бөлүмү (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда катышуучулар кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Бишкек шаарынын ИИББи жана Бишкек шаарынын УКМКсы коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын бузгандыгы үчүн жеапасынын башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн тиешелүү адамдар КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылаарын эскертет.