Өзбекстандын алтын-валюта резервдери тарыхтагы эң жогорку чекке жетти

Өзбекстандын алтын-валюта резервдери үстүбүздөгү жылдын апрель айында тарыхтагы эң жогорку чекке жетип, 49,2 миллиард АКШ долларын түздү. Бул тууралуу өлкөнун Борбордук банкынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул көрсөткүч 2013-жылдан бери Өзбекстандын алтын-валюта резервдери боюнча расмий статистика жүргүзүлө баштагандан берки эң жогорку деңгээл болуп саналат.

Март айындагы көрсөткүч — 47,8 миллиард доллар болгон. Бир ай ичинде резервдер 1,4 миллиард долларга көбөйгөн.

Резервдердин негизги бөлүгүн алтын түзөт — анын көлөмү 37,6 миллиард доллар деп бааланып, 11,5 миллион трой унцияны түзөт. Калган 10,3 миллиард доллар — валюта түрүндөгү активдер.

Борбордук банктын маалыматына ылайык, резервдердин өсүшүнө дүйнөлүк алтын базарындагы ыңгайлуу шарттар жана экспорттон түшкөн туруктуу валюталык түшүүлөр себеп болгон.

09:32, 12-05-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар