Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү

Бүгүн 11-апрелде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Ага бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери катышты.

Президенттик администрация тараткан маалыматка караганда, жыйында улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, стратегиялык объектилердин тизмегине сунуштарды киргизүүгө байланыштуу маселелер каралды.

Улуттук коопсуздукка байланыштуу мурда кабыл алынган чечимдерди аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин маалыматтары угулду.

Жыйынтыгында айрым иштерди активдештирүүгө жана улуттук коопсуздук үчүн тобокелдиктерди, коркунучтарды жоюу боюнча өз учурундагы чараларды көрүүгө тиешелүү тапшырмалар берилди.

Коопсуздук кеңешинин буга чейинки жыйынында Куралдуу Күчтөрдүн абалы жана өнүгүү багыттары тууралуу маселелер, Кыргызстандын стратегиялык объектилеринин тизмеси боюнча сунуштар каралган

 

17:24, 11-04-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар