Балыкчы- Кочкор темир жолун куруу иштери жүрүүдө
Балыкчы-Кочкор темир жолун куруу иштери жүрүүдө
Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулуш иштери Нарын облусунун Кочкор районунун аймагында кызуу жүрүп, 40-чакырымында бургулоо-жардыруу жумуштары аткарылууда.
Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан кабарлашты.
Балыкчы-Кочкор темир жол линиясы өлкөнүн ички темир жол тармагын өнүктүрүүдө стратегиялык мааниге ээ.
Бул багыт келечекте Макмалдагы бекет аркылуу Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолуна туташып, өлкө ичинде бирдиктүү темир жол түйүнүн түзүүгө жол ачат.