Кунтуу–Шопоков–Бишкек унаа жолун оңдоп-түздөө боюнча иштер башталды

Жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзгөн Кунтуу–Шопоков–Бишкек унаа жолун оңдоп-түздөө боюнча иштер башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жол кеңейтилип, 4 тилкелүү жол болот. Ошондой эле кыйылган бактардын ордуна экиден дарак отургузулат. Учурда жолдун 6 чакырым аралыгында жумуштар жүрүп жатат.

12:03, 27-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар