1-майга чейин салык декларациясын тапшыруу керектиги эскертилди

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча салык декларациясын кабыл алуунун экинчи этабы башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал 1-майга чейин уланат.

Салык декларациясын тапшырууга милдеттүүлөр:

жеке ишкерлер;

патенттин негизинде же өзгөчө режимдеги соода аймагында иш жүргүзгөн жеке жактар;

чет мамлекеттин аймагында турган эл аралык уюмдарда, дипломатиялык жана консулдук мекемелерде иштеген КР жараны;

киреше салыгын кармоо милдеттенмеси пайда болбогон субъектиден салык салынуучу киреше алган жеке жактар.

Аталган өнөктүктүн биринчи этабы 1-апрелде аяктаган. Анда ата мекендик уюмдар (бюджеттен каржылануучу жана отчеттук салык мезгили үчүн мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенмелери болбогон уюмдардан тышкары), туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тапшырган.

15:13, 08-04-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар