“Oш пансионатына” тиешелүү жерлер мамлекетке кайтарылды
Ош шаарындагы “Oш пансионаты” мекемесине тийиштүү 1,5 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматта айтылгандай, шаардык прокуратура аталган мекемеге тийиштүү жер 2015-2018-жылдар аралыгында 31 жаранга мыйзамсыз жеке менчикке сатылып кеткендигин аныктаган.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, баасы 189,7 млн сомду түзгөн 1,5 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.