Бишкекте бир катар автобус каттамдарынын кыймылы өзгөрдү

Бүгүн жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштерине байланыштуу Бишкектин Рыскулов көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилиши убактылуу жабылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иштер 7-апрелден 23-апрелге чейин жүргүзүлөт. Бул аралыкта айрым автобус жана кичи маршруттук каттамдарынын кыймыл схемасы өзгөртүлөт.

Алсак, №7, №34 жана №102 автобус каттамдарынын  багыты убактылуу өзгөртүлүп,  Жаш Гвардия бульвары аркылуу жүрүүдө.

Ошондой эле №133, №161, №173, №200, №211, №218 жана №290 микроавтобус каттамдарынын кыймыл багыты жарым-жартылай өзгөртүлүп,  Жибек-Жолу проспектиси аркылуу айланып өтөт.

Бишкек шаарынын мэриясы жол тыгындарын болтурбоо үчүн каттамды  алдын ала пландап алууну сунуштайт.

16:59, 07-04-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар