УКМК: Чолпон-Атада колония башчысы соттолгондорго жеке иштерин жасатып жүргөн
Чолпон-Атадагы түрмөнүн башчысы соттолгондорду эксплутациялоого шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, шектүү А.Т.А. өзүнүн күнүмдүк иштерин жасаткан.
"УКМК А.Т.А. бир нече жылдан бери кызматтык абалынан пайдаланып, "Жатак-абактарда жаза өтөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө" нускаманы бузуп, соттолгондорго өз иштерин жасаткан", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, шектүү жана анын кол алдындагылар соттолуучулардын биринин 2022-жылдагы өлүмүн жашыруу үчүн документ жасалмалашканы белгиленди.