1-майдан тарта электр энергиясынын тарифи көтөрүлөт
Министрлер кабинети 1-майдан тарта электр энергиясынын тарифтерине өзгөртүү киргизет. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Министрлер кабинети 2021-2025-жылдарга электр энергиясына орто мөөнөттөгү тариф саясатын бекиткен. Ал инфляцияны эске алганда 2025-жылга чейин бардык керектөөчүлөр үчүн каралган.
2024-жылдын 1-майынан тарта электр энергиясынын тарифтери төмөндөгүдөй болот:
— бир киловатт-саат үчүн 1,11 сом, 700 киловат-сааттан ашкан учурда 2,39 сом;
— аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 55 тыйын;
— бюджеттик керектөөчүлөр үчүн 3,76 сом;
— чектөөсүз колдонуу — 3,63 сом.