Сокулукта эки бала бакча мамлекетке кайтарылды

Сокулукта эки бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу райондук прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2024-жылы райондун Манас, Ак-Жол айылдарындагы бала бакчалар мыйзамсыз сатылганы аныкталган.

"Манастагы 275 орундуу бала бакча 6,9 миллион сомго сатылса, Ак-Жолдогу 1,2 миллион сомго менчиктештирилип кеткен. Натыйжада бул аймактагы 4000ге жакын баланын билим алуу укугу бузулган", — деп айтылат маалыматта.

Прокуратура сотко кайрылып, имараттар муниципалитетке кайтарылганы кошумчаланды.

12:26, 28-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар