Пенсия курагында иштеген 10 минден ашык мугалим бар

Билим берүү жана илим министрлигинин бюджетинин 92%га жакыны эмгек акы төлөөгө кетет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 1-апрелдеги жыйынында Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылы билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысы 80%га, STEM предмети боюнча мугалимдердин айлыгы 100%га көтөрүлгөн.

Мектеп мугалимдеринин орточо эмгек акысы 2023-жылы 24,4 миң сомду, ЖОЖдордун мугалимдеринин орточо эмгек акысы 32 миң сомду түзгөн. 2216 мектеп директору жана 2119 тарбиячы, жардамчы 35 миң сомдон алышат. Бала бакчалардын жана 100 кесиптик лицей менен лицейдин жетекчилеринин эмгек акысын 50%га көтөрүү пландалууда. Бул үчүн кошумча 482 миллион сом талап кылынат.

Кендирбаева мектептерде жана бала бакчаларда психолог, логопед жана медициналык кызматкер иштей турганын белгиледи.

«Мектептерде 60 жашка чейинки 78 746 мугалим, 60тан жогору 10,5 миңге жакын мугалим иштейт», - деди ал статистикага таянып.

11:52, 01-04-2024

Комментарийлер

Мирзалиева Насиба
Саламатсыздарбы, урматтуу Догдургул Кендирбаева.Ыйык рамазан айыңыздар маарек болсун.Мен, сиздерге кайрылуумдун себеби төмөнкүчө: Тарбия иштер боюнча директордун орун басарларынын айлык маянасын көтөрүп берсеңиздер.Мисал үчүн мен ,саартан кечке мектептемин.Айлыгым аз, 5 саатым, классым менен 18миң айлык аламын.Стажым 8 жыл.Күндө эле мектептен кеч келемин.Үйдөгү кайнене- кайнатабыз, күйөөбүздүн алдында уялып каламын.Кечке мектепте жүргөнгө жараша айлыгы быз көп болсо го, жакшы болмок эле.Бүт жазма иш бизде көп.Ар бир иш чараларга билдирүү, класстан тышкаркы иштер.Бүт баары биздин моюнубузда. Сизден сураныч, биздин айлык маянабызды көтөрүп бериңиздер🙏🙏🙏🙏🙏
Жылдыз
Пенсионерлер аз акчага каниет кылып иштешкен 65 жашка чейин иштегенге мүмкүнчүлүгү бар...андан кийин үйдө эс алуу абзел
Жылдыз
Пенсионерлер аз акчага каниет кылып иштешкен 65 жашка чейин иштегенге мүмкүнчүлүгү бар...андан кийин үйдө эс алуу абзел
Каныш
Негизи пенсия курагындагы лар пенсияга деле шүгүр кылып орун бошото жаштарга. Себеби пенсия курагындагы лар азбы көппү өз жашоолору бир нукка түштү да. Жаштар же жумуш жок же үйү жок балдарын эптеп түртө салып ар кайда мигрант болуп жүрүшөт
Гульнара
Мугалимдин пенсиясын 30 000сомго которуп койгула. Иштебейт.
Эдельвейс
Пенсия курагындагылар уйдо эле отурса. Жаштарга орун берип. Саатты аз беруу керек.
Зина
Саламатсыздарбы?Пенсия жашына келгенде ошондо проблеманын баары башталат .Ошондуктан пенсияны көбөйтүп беришсе жакшы болмок.Жаштар ошол жашка жеткенде түшүнүшөт.
Зина
Саламатсыздарбы?Пенсия жашына келгенде ошондо проблеманын баары башталат .Ошондуктан пенсияны көбөйтүп беришсе жакшы болмок.Жаштар ошол жашка жеткенде түшүнүшөт.
Бурмачач
Мен пенсияга чыга элекмин.Бирок пенсияга чыккандар убагында 2000 ,3000 мин сом алып мектепти таштабай иштештиго.Ошондо жаштар бут баспай коюшкан Айлап айлык бербей уйдо отургандарга пособиянын оордуна майларды бергенде карап турчу элек.

Башка жаңылыктар