Максатбек Саргазаков Аксы районунун акими болуп дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамынын 8-беренесине ылайык Саргазаков Максатбек Таштанбекович Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким болуп дайындалды.