Чыңгыз Айтматов проспектиндеги үйлөр мыйзамдуу болсо кенемте маселеси каралат
Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектиндеги үйлөр мыйзамдуу болсо кенемте маселеси каралат. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев шаардык кеңештин жыйынында билдирди.
Ал жол жээгиндеги 66 үйдүн ээлери менен жолукканын билдирди. Айтымында, алардын жери боюнча документтер мэриянын 1997-жылы чыгарган буйругунун негизинде берилген.
"Мэриянын 1997-жылкы буйругунун 2-бөлүгүндө үй ээлерине жолдор кеңейтилет, үй, дарбазаны бузууга туура келсе кенемте төлөнбөйт деп айтылган. Мындан тышкары, жер тилкелер кантип менчикке чыкканы кызык. Себеби участоктордун аянты 10 сотыхтан көп. Шаарда жер 4 сотыхтын тегерегинде эле берилерин билесиздер. Мисалы, ошол жердеги бир үй мурун мектептин отканасы болгон. Ал кантип менчиктештирилген? Биз кенемте төлөнбөйт деген жокпуз, биз азыркы учурда кенемте төлөө каралган жок дегенбиз. Анткени участоктордун мыйзамдуулугу каралат. Бардык жагынан мыйзамдуу болсо гана кенемте маселеси каралат. Бирок колдогу документтерде баары мыйзамсыз экенине далил болууда", — деди калаа башчысы.
Ал ошондой эле 1997-жылдагы буйрукка шилтеме кылганын, ошол жылдары жеке менчик боюнча укуктар жөнгө салына баштаганын кошумчалады.
Эске салсак, Айтматов проспектинин Масалиевден Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгү кеңейтилип, 6 тилкелүү болору айтылган. Бул бөлүк учурда оңдоо иштерине жабык турат. Жол кеңейтилишине байланыштуу анын четинде жайгашкан үйлөр кызыл сызыктан чыгып кеткен делип башында 14 метрге артка кирери айтылган. Тургундардын нааразычылыгынан кийин мэрия 5 метрге жылышы керек деген талап коюуда.