Жогорку Кеңеш шайлоо системасын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды
Жогорку Кеңеш шайлоо системасын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.
Жыйында шайлоо күрөөсү, гендердик квота, деги эле мыйзам долбоорунун концепциясы боюнча кызуу талкуу болду.
Депутаттардын сунуштары:
Балбак Түлөбаев партиялар үчүн 9 миллион, талапкерлер үчүн 300 миң сом күрөө көп экенин айтып, азайтууну сунуштады. Анын айтымында, күрөөнү көтөрүү партиялык системаны талкалоого багытталган;
Медер Алиев депутат болуп эки мөөнөттөн ашык шайланууга чектөө киргизүү маселесин көтөрүп, буга жооп кылган Уланбек Примов бул конституциялык укукту чектөө болуп каларын айтты;
Улукбек Ормонов учурдагы шайлоо системасын сактап калуу керектигин, ал эми сунушталган долбоор партиялык системаны жок кыларын белгиледи;
Эмил Токтошев бир мандаттуу округдарда кайра шайлоону жокко чыгаруу зарылдыгын көтөрдү;
Арсланбек Эгембердиев гендердик квота көп добуш алган эркектерге карата адилетсиздик экенин айтты;
Айсулуу Мамашова, Нилуфар Алимжанова гендердик квота керектигин белгилешти. Ал эми депутат Надира Нарматова аялдар үчүн 30 мандатты кепилдеген норманы колдоп, бирок эркектер менен аялдардын бюллетендери башка-башка болушун сунуштады;
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу шайлоо күрөөсүнүн көтөрүлүшүн инфляция жана БШКнын жүгүн азайтуу менен түшүндүрдү. Анын айтымында, өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсү 100 миң сомдон 300 миң сомго, ал эми 30 талапкерди көрсөткөн партиялар үчүн 9 миллион сомго чейин көтөрүлдү.
“20 жыл мурун 30 миң сом болсо, азыркы 300 миң сом ошол эле деңгээлде. Күрөө талапкерлердин олуттуулугун көрсөтөт”, — деди спикер.
Добуш берүүдө 79 депутат “макул”, 1 депутат “каршы” болду. Эске салсак, мыйзам долбоору боюнча, 30 округ түзүлүп, ар биринен 3 депутат шайланат. 90 мандаттын 30у аялдар үчүн квота катары сакталат.