Бишкек - Ош унаа жолунун четин тегиздөө иштери жүрүп жатат
Бишкек - Ош унаа жолунун 60-80-чакырымдар аралыгында атайын техниканын жардамы менен жол четин тегиздөө иштери жүрүп жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жумуштар министрликке караштуу №9 Жол тейлөө ишканасы (ЖТИ) тарабынан аткарылууда.
Ошондой эле жолчулар парапеттердин түбүн тазалап, айлананы иретке келтирип жатышат.
Белгилей кетсек, №9 ЖТИси Бишкек-Ош унаа жолунун 60-209-чакырымдар аралыгын тейлейт. Азыркы тапта ишкананын кызматкерлери тарабынан жолдо жаралган аң-чөнөктөрдү жамоо иштерине даярдык көрүлүүдө.
Мындан тышкары, бардык аймактарда лотокторду жана жол четин тазалоо, тегиздөө, актоо, сырдоо, жол белгилерин алмаштыруу, куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери кызуу жүрүүдө.