Орусияда Кыргыз жаранына ок атылып, ооруканага түштү

5-апрелде Орусиянын Екатеринбург шаарынын Автомагистральная көчөсүндө эки адамдын ортосунда жаңжал чыгып, ал мушташ жана ок атышуу менен аяктаган. Жабырлануучу 1994-жылы туулган Кыргыз Республикасынын К.у.А аттуу жараны Екатеринбург шаарындагы 23-ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Кол салган адам кылмыш болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн. Учурда полиция кызматкерлери ок аткан адамды табуу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында Башкы консулдуктун кызматкерлери ошол эле күнү жабырлануучуга барышып, жакындары менен байланыш түзүштү, ошондой эле укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Дарыгерлердин маалыматына ылайык, жарандын абалы туруктуу жана жакынкы күндөрү ооруканадан чыгарылышы күтүлүүдө.

10:46, 08-04-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар