Апрель айына карата аба ырайынын божомолу
Кыргызгидромет апрель айына карата божомолун жарыялады.
Ага ылайык, Кыргызстанда абанын айлык орточо температурасы жана жаан-чачындын көлөмү норманын чегинде болушу күтүлүүдө.
Чүй облусу
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6 градустан 11…16га чейин, айдын кээ бир күндөрүндө түнкүсүн жана эртең менен өрөөндөрдө 0…-2 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү мүмкүн (үшүк жүрүү ыктымалдыгы 40-60%ды түзөт).
Күндүз 11…16дан 20…25 градуска чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү абанын температурасы 5…10 градуска чейин төмөндөп, кайра 26…31 градуска чейин жогорулашы мүмкүн.
Талас облусу
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6 градустан 9…14кө чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү түнкүсүн жана эртең менен өрөөндөрдө аба ырайы -1…-3 градуска төмөндөп үшүк жүрүшү мүмкүн (үшүк жүрүү ыктымалдыгы 40-70%ды түзөт).
Күндүз 9…14төн 18…23 градуска чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү 3…8ге чейин чейин төмөндөп, кайра 24…29 градуска чейин жогорулашы мүмкүн.
Ош облусу
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7ден 12…17 градуска чейин жетет. Күндүз 13…18ден 21…26га чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү абанын температурасы 27…32 градуска чейин жогорулап, кайра 7…12ге чейин төмөндөшү мүмкүн.
Жалал-Абад облусу
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7ден 12…17ге чейин, күндүз 13…18ден 21…26га чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү 27…32 градуска чейин ысып, кайра 7…12ге түшүшү ыктымал.
Баткен облусу
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7ден 12…17 градуска жетет. Күндүз 13…18ден 21…26га чейин өзгөрүп турат. Кээ бир күндөрү 27…32 градуска чейин ысып, кайра 7…12 градуска түшөт.
Ысык-Көл облусу
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -4…+1 градустан 4…9га чейин жетет. Күндүз абанын температурасы 5…10дон 12…17ге чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү 18…23 градуска чейин жогорулайт.
Нарын облусу
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -4…+1ден 5…10го чейин жетет. Күндүз 5…10дон 13…18 градуска чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү 19…24 градуска чейин барары болжолдонду.