Жалал-Абад  мыйзамсыз  куюучу май саткан жай аныкталды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун аймагында мыйзамсыз май куюучу жай жана турак үйдүн короосундагы кампа табылды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Аталган жайларда тийиштүү уруксат документтери жок 5 миң 872 литр күйүүчү май сакталган. Мындан сырткары күйүүчү майларды сактоо эрежелери сакталган эмес.

Учурда бул иш боюнча материалдар чогултулуп, укук коргоо органдарына жана сотко өткөрүп берүү үчүн даярдалып жатат.

16:19, 12-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар