Өзбекстан Ошко 200 тонна гумжардам алып келди
Ош шаарынын мэриясы Өзбекистандан 13 оор жүк унаасы менен азык-түлүктөр, курулуш материалдары, кийим-кечелер жана гигиеналык каражаттар келгенин билдирди. Ош шаарына анын ичинен 9 оор жүк унаасында келген жардам калды. Гумжардамды Андижан облусунун губернатору Шаятбек Абдурахманов жеткирип келди.