Кыргызстанга былтыр 2 млндон ашык гүл импорттолгон

2024-жылы Кыргызстанга Кения, Эквадор жана Голландиядан 2 миллиондон ашык гүл импорттолгон. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.

Министрлик аталган өлкөлөрдөн жыл сайын гүлдөр алынып келерин билдирди. Ошондой эле акыркы 5 жылда өлкөнүн шаарларында гүл сатуучу дүкөндөрдүн саны эки эсеге өскөн. Өлкөдө эң популярдуу гүлдөр: роза, гвоздика, лилия, хризантема жана жоогазын экендиги айтылды.

14:52, 11-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар