Нарында мурдагы "Дружба" лагеринин 4,5 гектар жери менен мамлекетке кайтарылды
Нарында пионерлердин "Дружба" лагери 4,5 гектар жери менен мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка караганда, ал эч кандай документтери жок "Үмүт" кооперативине өтүп кеткен.
"2008-жылы "Үмүт" кооперативинин директору Р.К. тарабынан "Дружба" лагери М.Б.С. аттуу жаранга сатылган. Мурдагы кожоюндары лагердин турак жай корпустарын демонтаждап, материалдарын саткан. Натыйжада жер тилке гана калган", — деп айтылат маалыматта.
Аталган объект Жумгал районунун Куйручук-Кызарт айыл аймагынын балансына өткөрүлгөнү кошумчаланды.