Ташкент 2024-жылы туризмден 1 млрд 490 млн доллар киреше тапкан

Өзбекстандын борбору өткөн жылы туристтик кызматтардын экспортунан 1 млрд 490 млн доллар киреше тапты, деп билдирет Ташкент шаарынын басма сөз кызматы.

2024-жылы шаар 4 миллиондон ашык чет элдик жана 7,2 миллиондон жогору жергиликтүү туристтерди кабыл алган. Өздөштүрүлгөн чет элдик инвестициянын жалпы көлөмү 211,4 млн долларды түздү.

Эң чоң туристтик агым Ташкентте ажылык, билим берүү жана MICE туризми активдүү өнүгүп жаткан апрель, май жана июнь айларында болгон.

Жыл ичинде борбордо 213 жаңы жайгаштыруу объектилери ачылды, бул шаар конокторунун ыңгайлуулугун бир топ жогорулатты. Туристтик фирмалардын саны 464кө өсүп, 2 миңден ашык уюмга жетти.

10:27, 11-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар