Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келе тургандыктан 12-13-мартта Бишкек менен Чүй облусунун айрым көчөлөрү маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маал-маалы менен жабыла турган көчөлөр:
“Манас” эл аралык аэропорту — Бишкек жолу;
Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып Чүй проспектисине чейин;
Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;
Манас жана Ч. Айтматов көчөлөрү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына чейин;
“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынан тартып “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине чейинки жол.
Жол милициясы айдоочулардан 12-13-мартта аталган көчөлөрдүн жээктерин унааларын калтырбоону, жүк ташуучу чоң унаалар менен жолго чыкпай турууну, жол эрежесин сактоону суранат.
Эгерде башка жолдор жабыла турган болсо, кошумча маалымат берилет.