Армян жана абхазиядан келген оң рулдуу унаалар кандай мыйзамдаштырылат? Экономика министринин орун басары жооп берди
1-марттан тарта он миңдеген оң рулдуу, чет элдик номурлуу унаалар мыйзамдаштырыла баштайт. Буга чейин президент Садыр Жапаров армян жана абхазиянын чет элдик номурлуу оң рулдуу унааларды мыйзамдаштыруу тууралуу жарлыкка кол койгон. Мындай чечим мыйзамсыз алынып келинген унаалардын массалык түрдө кармалышына жана айып короого киргизилишине байланыштуу кырдаалды жөнгө салууга багытталган.
“Кабар” маалымат агенттиги ушул боюнча бир катар суроолоруна жооп алуу үчүн экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкуловго кайрылды.
– Бүгүнкү күндө кыргыз коомчулугунун актуалдуу көйгөйлөрүнүн бири – транспорт каражаттарын мыйзамдаштыруу механизми болууда. Аны ишке ашыруу боюнча жасалып жаткан иш-чараларга токтолсоңуз.
– Ооба, туура айтасыз. Учурда бул көйгөй абдан актуалдуу болууда. Бүгүнкү күндө түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топ жогоруда аталган жарлыкты ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин чечимдерин, ошондой эле мыйзамдарга жана кодекстерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча тиешелүү долбоорлорду иштеп чыгуунун үстүндө иштеп жатат.
– Бул кимдерге тиешелүү? Кандай унааларды легалдаштыруу керек?
– ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагынан алынып келинген, иш жүзүндө ээлери Кыргыз Республикасынын жарандары болгон бардык чет өлкөлүк номурлуу автоунаалар легалдаштыруу керек. Көбүнчө бул оң рулдуу унаалар, аларды Кыргызстанда 2015-жылдын 26-февралынан тарта каттоого тыюу салынган. Чет элдик номурлары бар сол рулдуу унаалар да бул категорияга кириши мүмкүн.
Эки айдын ичинде зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгып, 2025-жылдын март айынын башынан тартып легалдаштыруу тартибин баштоо керек. Легалдаштыруу мөөнөтү алты ай. Тактап айтканда, жеке адамдарга унаасын жергиликтүү каттоо органдарына кататтышы үчүн алты айлык мөөнөт берилет.
Алты айлык мөөнөттө жөнгө салуу жол-жобосу төмөндөгү 3 этап менен ишке ашат:
- 1-этап - укук документтери бар унааларды легалдаштыруу. Маселен, Кыргызстанга сатылып алынып, бирок алар катталган ЕАЭБ мамлекетинде каттоодон чыгарылбаган автоунаалар бар. Мындай унаалар үчүн өзүнчө тартип иштелип чыгат.
Жооптуу орган болуп транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик саналат. Анткени, ал учурдагы тиешелүү ченемдик укуктук актыны иштеп чыккан.
- 2-этап — укук белгилөөчү документтери жок, талаптагыдай техникалык абалдагы автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу. Буга VIN-код менен текшерүү учурунда чыккан унаалар, бажылык тариздөөдөн өтпөгөн жана ЕАЭБдин айрым мамлекеттеринде каттоодон өтпөгөн чет өлкөлүк мамлекеттик номуру бар автоунаалар, ошондой эле тиешелүү техникалык экспертизадан өтө турган автоунаалар кирет.
- 3-этап — укук белгилөөчү документтерсиз автотранспорт каражаттарынын ээлерине ээликтен ажыратууга мүмкүндүк берүү. Мындай унааларды запастык бөлүктөргө бөлүп, өлкөдөн алып кетүүгө же жок кылууга болот.
— Оң рулдуу унааларды легалдаштыруу жөнгө салуу жол-жобосу кандай болот?
– Оң рулдуу унаалардын ээлери тийиштүү жыйымдарды төлөп, алты айдын ичинде транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча Мамлекеттик агенттиктин каттоо кызматы аркылуу каттай алышат. Жалпысынан бул сумма 1 миң АКШ долларын түзөт, ал транспорт каражаттарын жана учактарды каттоо боюнча Мамлекеттик агенттикке бир жолу төлөнөт.
— Кайсы унаалар каттоодон өтүүгө тийиш жана ээлери кандай милдеттерге ээ?
– Автотранспорт каражаттарын жана аба кемелерин каттоо боюнча Мамлекеттик агенттиктин тутумунда каттала турган жана Кыргызстандын аймагында эксплуатациялануучу жогоруда аталган бардык транспорт каражаттары зарыл жыйымдарды төлөө менен расмий каттоодон өтүүгө тийиш.
Мындан тышкары, учурда келечекте мындай унааларды ташып келбөөнүн жол-жоболору иштелип жатат. 2025-жылдын 1-январынан тарта оң рулдуу автоунааларды алып келүү жалпысынан толугу менен токтотулуп, чет мамлекеттердин жарандары башкарган чет элдик номурлуу автоунаалардын Кыргызстандын аймагына киришине көзөмөл күчөтүлөт.
— Башка өлкөнүн жараны оң рулдуу унаа менен кире турган болсо, ал эмне кылууга тийиш?
– Бул жол кыймылы оң тарапта жана унаалар оң рулдуу руль менен жабдылган Улуу Британиянын жарандарына тиешелүү. Вена конвенциясына ылайык, мындай унаалар өлкөгө убактылуу кире алат, бирок транзиттик шартта гана. Эгерде автоунаанын ээси Кыргызстандын аймагын кесип өтсө, мисалы Индияга бара турган болсо, ага унааны өлкөдө айдоого белгиленген мөөнөт берилет. Бирок, эгерде автоунаа Кыргызстанда белгиленген мөөнөттөн ашык калып,сыртка чыгарылбаса анда унаа алынып, айып короого токтотулат.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы тарабынан ишке ашырылуучу тышкы миграцияны бирдиктүү каттоо системасы чет өлкөлүк жарандардын кирип-чыгышын эсепке алууга мүмкүндүк берет. Эгерде унаа алынбаса, тиешелүү органдар процесстик чечимдерди кабыл алышат.
— Сол рулдуу унааларды алып келүү кандай жол менен жөнгө салынат?
– Аталган көйгөй ЕАЭБ өлкөлөрүнүн унааларына тиешелүү. Учурда мындай унаалар сатылып алынган өлкөлөрдө каттоодон чыгарылбастан ташылып келүүдө. 2025-жылдын 1-январынан тарта мындай схемаларга да тыюу салынат. Каттоо үчүн мындай унааларды ЕАЭБ өлкөлөрүндө каттоодон чыгаруу керек. Болбосо мындай унааларды алып келүү токтотулат.
Үчүнчү өлкөлөрдөн (АКШ, Европа, Грузия, Корея, БАЭ ж.б.) автоунааларды ташып келүүгө келсек, мындай ташып келүү ЕАЭБдин жана Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте бажылык жол-жоболоштуруу жана бажы алымдарынын тиешелүү өлчөмдөрүн төлөө менен жүзөгө ашырылат.
– Армениядан алынып келинген унаалар боюнча маселе кандай чечилет?
– Жогоруда белгиленгендей, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бардык унаалары алты айдын ичинде үч этап менен мыйзамдаштырылат. Тагыраагы 2025-жылдын 31-августуна чейин.
— Келечекте мындай жагдайларды болтурбоо үчүн кандай иш-чаралар пландалууда?
– Кыргызстандын жарандары мыйзам талаптарына жооп бербеген унааларды сатып алуу тобокелдиктерин билиши керек. Буга чейин мындай унааларды ташып келүү коммерциялык максатта колдонулуп, сатып алуучуларга азыраак чыгымдарды сунуштап, сатуучуларга олуттуу киреше алып келген учурлар болгон. Келечекте мындай схемалар жоюлат жана мен бардык жарандарды каттоодо көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн унаа тандоодо этият болууга чакырам.