ОСАГО тууралуу сурап билүү борбору ишке кирди

Быйыл 1-июлдан тарта унаасы камсыздандырылбаган (ОСАГОсу жок) жарандарга айыппул салына баштайт. Бул тууралуу Экономика министрлиги эскертти.

Министрлик билдиргендей, унаа ээлерине жаңы эрежелерди түшүнүүгө жардам берүү үчүн ОСАГО боюнча атайын Call-борбор ишке кирди: 1292. Аталган номер күн сайын саат 08:00дон 20:00го чейин иштейт.

Чалуулар мобилдик оператордун тарифине жараша төлөнөт. Шаардык телефондон – акысыз!

09:57, 07-02-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар