Мишустин менен Касымалиев телефондон эки өлкөнүн кызматташусун талкуулашты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу РФ өкмөтүнөн кабарлашты.

Премьерлер эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашкан. Алар 31-январда Алматыда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында жетишилген макулдашууларды өнүктүрүү максатында Россия менен Кыргызстандын соода-экономикалык байланыштарын бекемдөө боюнча пикир алышканы айтылды.

Мишустин менен Касымалиев Россия менен Кыргызстандын өз ара кызыкчылыктарды камтыган бардык тармактар боюнча кызматташтыгын мындан ары да чыңдоо маанилүү экенин белгилешкен.

10:16, 04-02-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар