Жал кичирайонунда жана Арча-Бешик конушунда суу өчөт

Бишкектеги Жал кичирайонунда жана Арча-Бешик конушунда диаметри 600 мм болгон магистралдык суу түтүгүн оңдоо иштерине байланыштуу 17-18-апрелде муздак суу убактылуу өчүрүлөт.

Мэриянын маалымат кызматы кабарлагандай, 17-апрель саат 08:00дөн тарта суу түтүгүнүн 11 участогунда бураматээктер алмаштырылат.

Калктын ыңгайлуулугу үчүн эл көп чогулган жайларга таза суу жеткирүү жана биодааратканаларды орнотуу иштери жүргүзүлөт.

Суу өчө турган аймактар картада көрсөтүлдү

11:37, 16-04-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар