Түркия: Тоо лыжа базасындагы өрттөн каза болгондордун саны 76га жетти
Түркия: Тоо лыжа базасындагы өрттөн каза болгондордун саны 76га жетти.
Өлкөдө улуттук аза күтүү жарыяланды.
Кечээ кечинде Карталкая эс алуу жайында өрт чыккан. Ондогон адамдар жарадар болгон. Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, мейманкананын ичи жыгач менен капталгандыктан, өрт тез тарап кеткен. Жалпысынан мейманканада 237 адам жашаган.
КР Тышкы иштер министрлиги каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин кабарлаган. Бир күн мурун Садыр Жапаров Эрдоганга көңүл айтты.