Бишкектеги темир жолду көчүрүү. Мэр бошой турган жердин баасын атады

Темир жол көчүрүлсө бошогон жердин баасы 450 миллион долларды түзөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.

Буга чейин министрлер кабинети Кыргызстандагы кытайлык China Road And Bridge Corporation компаниясы менен кызматташуу боюнча меморандумду бекиткен. Документте темир жолду борбордон сыртка жылдыруу каралган.

Бүгүн Жогорку Кеңештин агрардык саясат боюнча комитетинин жыйынында Айбек Жунушалиев компания темир жолду жылдыруунун үч вариантын сунуштаганын эске салды. Мэрия айланма жол менен катарлаш кеткен вариантына токтолгон. Долбоордун баасы болжол менен 550 миллион доллар болот.

“Ошол эле учурда бошогон жерлердин баасы 450 миллионду (кайсы валюта экенин көрсөткөн жок) түзөт. Алар "мамлекет өзү каржылай турган болсо өзү каржыласын же бошогон жер тилкелерин бизге өткөрүп берсин. Биз кичи райондорду салабыз" деп сунуштап жатат. Азыр кандай чечим кабыл аларыбызды карап жатабыз", — деген Жунушалиев.

Калаа башчысы Токмокту, Кантты, Кара-Балтаны байланыштыра турчу магистралдык бир трасса калтырууну талап кылып жатканын кошумчалады.

15:39, 20-01-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар