Көк-Жардагы көп кабаттуу үйдөгү жарылуу. Жабыркагандардын арасында эне менен кызы бар, апасы оор абалда
19-январда Көк-Жар айылындагы Сейтек көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде газ жарылып кетткени маалымдалган.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы жарылуунун кесепетинен эки аял жабыркаганын билдирди. 62 жаштагы эне жана 38 жаштагы кызы. Алар тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилген.
Энесинин бетинде, денесинде, эки колу жана буттарында жалындан пайда болгон 1-2-3 даражадагы күйүктөр 60% түзгөн. Ал оор абалда.
Кызынын бетинде жана эки колунда 1-2 даражадагы күйүктөр 10% түзгөн. Анын абалы туруктуу.