Бишкекте 52 троллейбус электр автобус болуп кайра жасалат

Бишкекте 52 троллейбус электр автобус болуп кайра жасалат. Бул тууралуу шаар мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.

Ал борбор калаадагы троллейбустардын бир бөлүгү Ош шаарына берилгенин, Бишкекте 52 троллейбус калганын айтты.

Ал троллейбустар 2017-жылы чыккан. Аларды кайра электр автобус кылып жасоого ылайыктуу экен. Аларга батарейкалар орнотулат, — деди ал.

12:30, 13-01-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар