Бишкекте айдоочу унаасында баратып каза болду
Бишкекте айдоочу унаасында баратып каза болду. Бул тууралуу милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 28-ноябрда 65 жаштагы айдоочу (Б.А.) “Мерседес-Бенц Е320” унаасы менен Элебесов көчөсүндө баратып, Февраль көчөсүнүн кесилишиндеги жөө өтмөктөн 46 жаштагы кишини (А.Н.) сүзүп алган. Анын айынан жөө адам ооруканага тез жардам унаасы менен алынып кеткен. “Мерседес-Бенцтин” айдоочусу аны коштоп жөнөгөн. Жолдо баратып ал Фрунзе жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине жеткенде көз жумган.
Аталган фактылар милицияда каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Иликтөө иштери уланууда.