Ооруканадагы 38 жаштагы адамдын өлүмү
Бүгүн Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 38 жаштагы бейтаптын колу сынып каза болгон клиникалык тез жардам ооруканасына барды.
Анда ал бейтаптын өлүмүнүн себеби такталмайынча бөлүм башчы менен бөлүмдүн дарыгерин ээлеген кызматынан бошотууга буйрук берди.
Эскерте кетсек, 38 жаштагы жаран колу сынып, ооруканага кайрылган. Бирок эки уч күндөн кийин абалы начарлап, колун ампутация кылышкан. Андан кийин жаран өзүнө келбей каза болуп калган. Анын жубайы дарыгерлерди күнөөлөп жатат.