КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары 12-декабрда Москвага чогулат
Россияда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин кеңеши өтөт. Бул тууралуу шериктештиктин уставдык жана башка органдарындагы РФтин туруктуу өкүлү Андрей Грозов билдирди.
"КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңеши 12-декабрда Москвада болот", — деди ал журналисттерге Минскиде шериктештиктин туруктуу өкүлдөрүнүн жыйынынын алдында.