Баткендеги Достук айылы кайсы жерге көчүрүлөрү аныкталды

Баткен районундагы Достук айылынын эли көчүрүлө турган жер аныкталды. Бул тууралуу президентинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызмат кабарлады.

Маалым болгондой, облус башчысы Айбек Шаменов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Достук айылынын эли менен жолугуу өткөрүп, анда айыл элин кайсы жерге көчүрүү маселеси каралган.

“Жыйынтыгында айыл элинин макулдугу менен баары Баткен районунун Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерлигине көчүрүү чечими кабыл алынды. Аталган аймак Баткен шаарынын аймагы менен чектешет”, — деп айтылат маалыматта.

Өкүлчүлүк билдиргендей, ар бир үй ээси үчүн беш сотых жерге мамлекет тарабынан бардык шарты менен турак үй курулуп берилет. Жалпы 71 үй салынат. Мамлекеттик актысы бар жер тилке ээлерине, турак жай салуу үчүн беш сотыхтан жер берилет.

Ошондой эле айыл чарба багытындагы жерлери үчүн Кызыл-Бел айылынан 9 гектар жер бөлүнүп берилет.

14:48, 06-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар