Кыргызстанда 12 жылдык окууга өтүү концепциясына кол коюлду

Кыргызстанда 12 жылдык окууга өтүү концепциясына кол коюлду. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Концепция билим берүү системасын жаңылоого жана заманбап талаптарга ылайыкташтырууга багытталган.

Документтеги урунттуу учурлар:

балдар 6 жаштан баштап мектепке кабыл алынып, нөлүнчүлөр биринчи класс катары эсептелет. Бул өзгөрүү менен мектепти бүткөндөрдүн жаш курагы азыркыдай эле калат;

12 жылдык билим берүү бир нече жыл ичинде этап-этабы менен киргизилет;

бир окуучу — бир секирик. Бардык окуучу бир эле жолу секирик жасайт. Кыргызстан 11 жылдык окутууга өткөндө дал ушундай кылган. Эми 12 жылдык билим берүүдө дагы ошол ыкма колдонулат;

12 жылдык билим берүү жөнүндө аттестат 2027-2028-окуу жылынан тарта бериле баштайт;

2019-жылкы балдар 12 жылдык окууну секирик жасабастан 2036-2037-окуу жылында бүтөт.

14:56, 01-11-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар