Режеп Тайып Эрдоган  Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 5-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Сапардын алкагында Эрдоган Садыр Жапаров менен жолугуп, сүйлөшүү өткөрөт. Ошондой эле алардын төрагалыгы алдында Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин алтынчы жыйыны болуп, эки тараптуу документтерге кол коюлат.

Андан тышкары Эрдоган 6-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышат.

10:06, 01-11-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар