Суданда атып түшүрлгөн учак. “Манас” эл аралык аэропортунун жообу
Суданда орусиялыктар бар делген жүк ташуучу учак атып түшүрүлдү. Бул тууралуу ТАСС Орусиянын элчилигине шилтеме берүү менен билдирди.
“Өз кезегинде элчилик Судандын бийликтери менен байланышып, окуянын чоо-жайын тактоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатат, анткени кырсык болгон аймак согуш жүрүп жаткан Дарфурда жайгашкан”, — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.
Судандагы кырдаалга көз салган Sudanwarmonitor порталынын маалыматына караганда, Ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн (RSF) жикчилдери БАЭден келген ИЛ-76 жүк ташуучу учагын жаңылып атып түшүрүшкөн. Бул Түндүк Дарфурдун Малха аймагында болгон деп болжолдонууда.
Sudanwarmonitor билдиргендей, курман болгондордун жана каза болгондордун так саны белгисиз. Серепчилер белгилегендей, ИЛ-76нын экипажы адатта беш кишиден турат.
Mash Telegram каналынын айтымында, каза болгондордун бири FZC Airline Transport Incorporation компаниясынын башкы инженери Виктор Гранов. Анын күбөлүгү видеодо көрсөтүлгөн – ал “Манас” эл аралык аэропортунда берилген.
Ал эми “Манас” эл аралык аэропортунун маалымат кызматы бул боюнча комментарий берип, документтеринен “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын картасы табылган Виктор Гранов аэропорттун кызматкери болбогонун, “Манас” менен өзүнүн фирмасы аркылуу кызматташкандыгын билдирди.
2023-жылдан бери Суданда армия менен бийликке каршы турган Ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн (RRF) ортосунда жарандык согуш болуп келе жатат.