Ысык- Көлдө желим баштык колдонгондорго жана саткандарга рейд жүрдү

Кечээ, 8-апрель күнү Каракол шаарында полиэтилен пакеттерин колдонууга жана сатууга карата тыюунун аткарылышын көзөмөлдөө боюнча кезектеги рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Рейддин негизги максаты — президенттин 2022-жылдын июль айында чыккан «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча шашылыш чаралар жөнүндө» жарлыгынын аткарылышын текшерүү.

Рейд учурунда шаардагы ири соода түйүндөрү, дүкөндөр жана супермаркеттер текшерилип, мыйзам бузуу учурлары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

“Мыйзамды бузган жарандарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 10 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Учурда биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз — бул маалыматтык этап. Бирок жакын арада мыйзамды сактабагандарга карата санкциялар колдонулат. Учурда Ысык-Көл облусунун аймагында 500дөн ашык эскертүү баракчалары таратылды”, — деп айтылат маалыматта.

10:36, 09-04-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар