Кумтөрдөн быйыл 9 айда 7 тонна 960 килограмм алтын казылды
“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому 2024-жылдын 9 айында Кумтөрдөн 7 тонна 960 килограмм алтын казылганын, бул бегиленген пландан 81 килограммга көп экенин билдирди.
Январь-сентябрь айларында “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын кирешеси 579,8 миллион долларды түздү. Таза пайда 216,6 миллион долларга жетти. Ишкана салык жана башка төлөмдөр түрүндө бюджетке 10 миллиард 37 миллион сом төктү. Бул тууралуу компаниянын 9 айдагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылат.
4-октябрда “Кумтөр Голд Компани” Кумтөрдөн казылган тоотекте алтындын үлүшү төмөн болгондуктан кенден алтын өндүрүү быйыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу аз болорун кабарлаган. Ишкана бул тоо-кен өндүрүшүндө кадыресе көрүнүш экени, алтын өндүрүүдөгү мындай өйдө-ылдый абал Кумтөрдүн тарыхында көп эле жолу болгонун кошумчалаган.